7-чакырылыштын депутаттары, көтөргөн маселелери канааттандырабы?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

“7-чакырылыштын депутаттары, көтөргөн маселелери, билимдери, саясый деңгээлдери сизди канааттандырып жатабы?” деген сурообуз менен саясый айдыңда жүргөн эксперттерге суроо узаттык.

Бекташ Шамшиев, журналист:

— Бизде мыйзам чыгаруу бийлигинин бар экендигине кийинки кездери шектене баштадым, “шляпасы турат, өзү жок” деп коёт беле мындайды? Болушунча шыбап, жамандап отуруп, мыйзам чыгаруу жыйынын жок кылып алдык. Улам кийинки чакырылыштары мурдагысынан начар чыгууда. Айрыкча кийинки эки чакырылышты “парламент” деп айтышка ооз барбайт. Чын-чынына келгенде, азыркы парламент президенттик администрациянын юридикалык бөлүмү болуп калган. Аты бар, заты жок, формасы бар, мазмуну жок, “кожо көрсүнгө коюлган эл өкүлдөрү” деген ат менен бир топ киши чоң залда бир маселени талкуулап отурушат. Баарын бир киши чечип калганда, башка бийлик бутактарынын аты калып, өзү жок болот. Абсолюттук бийлик «дакансада», камчысы досторунда. Чексиз бийлик эгеси мүмкүн ак көңүл, адам катары дурустур, бирок билими, тажрыйбасы жетишсиз адам жаманбы-жакшыбы өз алдынча өлкөнү кантип башкарарын көрүп жатабыз го… Бир колдон башкаруу, бийликти толук ээлеп алуунун опуртал экенин казак, орус, беларусь тажрыйбасы көрсөттү, бирок биз болбой эле диктатурага башты тыгып атпайбызбы!

Ленара Ниязбекова, коомдук ишмер:

— 7-чакырылыштын депутаттарынын деңгээли ар түрдүү. Бул чакырылышта мурда бир канча жолу депутат болгон тажрыйбалуулар да бар. Ошону менен бирге мурда жер-жерлерде иштеген аткаруу бийлигинин дасыккан өкүлдөрү да отурат. Бирок ошол эле учурда бул чакырылышта блогерлер, активисттер да шайланышты. Чындыгында, азыркы чакырылыштын саясый эрки, саясый орду канчалык экендиги бүдөмүк болууда. Себеби, баарыбыз күбө болуп жаткандай, аткаруу бийлиги президенттин колдоосуна ашкере ээ болуу менен бирге, депутаттардын ыйгарым укуктары экинчи планга жылып, аткаруу бийлиги өзүмбилемдикке көбүрөөк орун берүүдө. Мунун баары 7-чакырылыштын депуттаттарынын беделин эле эмес, элдин үнүн эл өкүлдөрү аркылуу бийликке жеткирүүдө күмөн жаратат. Ал эми эл өкүлдөрүнүн деңгээли тууралуу ачык айтсак, анда 7-чакырылыштагы айрым депуттаттардын деңгээли ошол эле аткаруу бийлигиндеги чиновниктер менен ат салышууда бир аз чабалдык кылууда.

Канышай Мамыркулова, журналист:

— Айрыкча акыркы жыйындарда сүйлөнгөн сөздөрдөн улам бул опурталдуу маселе болуп турат окшойт. Президент “ашыкча чыгымдарга каршы” деп өз указын чыгарып жатат. Аны андан ары таптакыр эле майдалаштын кажети жок да. Мисалы, муфтият эмне кылып отурат? Жакында козгогон маселелерин карап отурсаң, көлөчкө чейин түшүп кетип жатышат. “Төрөй турган келиндердин күйөөсү төрөтканага кирбесин” дейт. Мамлекеттик деңгээлдеги мамлекеттин бүтүндүгү, мамлекеттин коопсуздугу деген чоң-чоң маселелер бар да. Өздөрүнүн иш-аракетине ылайык мамлекеттик маселелер менен алек болушкандары оң. 7-чакырылыштын депутаттарынын өтө майдаланып кетиши – сыртынан караганда дурус деле пикир калтырбайт.

Рита Карасартова, укук коргоочу:

— Бир-эки сессияларын көрүп, күткөндөй эле көрүнүшкө күбө болуп жатабыз. Эл популист болсо, бийлик дагы популист болот экен да. Мисалы, соцфонддун маселесин карап жатканда “базалык пенсия канча? Эмне үчүн мындай? Аманат эсебинин пайызы эмнеге эки пайыздан жогору көтөрүлбөйт? Анан кантип бюджеттен төлөнгөн пенсиялардын санын азайтып, элдер өздөрү чогулткан пенсияны алгандай кылабыз?” деп системаны өзгөртүүнү сүйлөшпөй, “мугалимдердин пенсиясын көтөрүп бергилечи? Лейлектиктердин пенсиясын көтөрүп бергилечи?” деп ботодой боздошту. Жакшы багытта иш алып барганга акырындан көндүрөбүз да эми. Кудай буюрса, баары жакшы болот деген тилектемин.

Жамиля Нурманбетова 

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg