«Асман» конкурсунун финалы өттү. Жеңүүчү деп табылган Жанар Туратова Asylbashev Creative продюсердик борбору менен келишим түзүп, 100 миң сом сыйлык алды.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу «Асман» шоусунун катышуучусу Мэлани Сариевага сыйлык тапшырды. Онлайн добуш берүүнүн жыйынтыгында ал алдыга чыккан.

Конкурска музыкалык билими бар жана табиятынан таланттуулар катышкан. Sputnik Кыргызстан агенттиги долбоордун маалыматтык өнөктөшү болду.

«Асман» конкурсу Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жатат. Бул жаңы долбоор. Мындай иш-аракеттерди дайыма колдоого даярбыз. Анткени алар жаш таланттарга жол көрсөтүп берет. Биздин сайттагы онлайн добуш берүүдө алдыга чыккан катышуучуга Sputnik Кыргызстан агенттигинин атайын сыйлыгын тапшырдык. Ошондой эле биздин сүрөтчүдөн жеке фотосессия белек кылынды», — деди Sputnik Кыргызстан агенттигинин шеф-редактору Эркин Алымбеков.

Победительница шоу Асман Жанар Туратова во время выступления

8-январда КТРК телеканалында «Асман» конкурсунун финалы өттү. Жеңүүчү деп табылган Жанар Туратова Asylbashev Creative продюсердик борбору менен келишим түзүп, 100 миң сом сыйлык алды. Жарым финалга Айзана Усупбаева, Адилет Жумашев, Жанар Туратова, Мэлани Сариева жана Анара Шыгай чыгышкан.

Sputnik Кыргызстан агенттиги өз ишин 2014-жылдын декабрь айында баштаган жана Эл аралык Sputnik агенттигинин курамына кирет.

Агенттик учурда 30дан ашык тилде чыгып, өз окурмандарына маалыматтарды сунуштап келет.

БУЛАК: SPUTNIK.KG

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу