Ташиев минген Toyota Land Cruiser «встречкага» чыгып айдады

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Toyota Land Cruiser 300 унаасы дагы бир жол тандабастын коштоосунда Бишкектеги Чынгыз Айтматов проспектиси боюнча каршылаш көчөгө чыгып алып айдаган видео социалдык тармактарга жарыяланган. Буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев ушул унаа менен жүргөнү белгилүү.

Видеодо көрүнүп тургандай, мамлекеттик номери 01KG 007AC болгон Toyota Land Cruiser 300 жана Toyota Land Cruiser 200 үлгүсүндөгү унаалар машиненин күйүп-жанган маяктарын иштетип алып, Ч. Айтматов көчөсүндө каршылаш тарапка чыгып алып, айдап баратат.

Белгилей кетсек мамлекеттик номери 01KG 700 АС болгон Toyota Land Cruiser 200 үлгүсүндөгү унаа Land Cruiser 300дүн коштоосунда баратканын дагы бир видеодон көрүүгө болот. Анда да автомобилдер күйүп-жанган маяктарын иштетип алышкан.

Эки жол тандабас болжол менен Бишкектин 3-кичирайонундагы Еstet стоматологиялык клиникасына барышкан.

Ташиев минген Toyota Land Cruiser "встречкага" чыгып айдады. Видео

Клиниканын сайтында жазылган дарек менен жол тандабастар барган Еstet клиниканын дареги бирдей.

Оsoo.kg’деги маалымат боюнча Еstet Александр Викторович Солошенко дегенге таандык.

slide 3 of 2 Ташиев минген Toyota Land Cruiser "встречкага" чыгып айдады. Видео Ташиев минген Toyota Land Cruiser "встречкага" чыгып айдады. Видео Ташиев минген Toyota Land Cruiser "встречкага" чыгып айдады. Видео Ташиев минген Toyota Land Cruiser "встречкага" чыгып айдады. Видео Ташиев минген Toyota Land Cruiser "встречкага" чыгып айдады. Видео Ташиев минген Toyota Land Cruiser "встречкага" чыгып айдады. Видео 1 из 2

ИИМдин ЖКККББсине кайрылып, кортеж жол эрежесин бузуп жатабы же жокпу, тактайлы дегенбиз. Бирок ведомствонун өкүлдөрү менен байланыша алган жокпуз.

Ошондой эле Kaktus.kg УКМКнын басма сөз кызматынан да комментарий ала алган жок.

Эске салсак, август айында Kaktus.kg Улуттук коопсуздуктун мамлекеттик комитетинин төрагасы жаңы унаа менен жүрөт деп жазган болчу. Видеодон Камчыбек Ташиевдин Land Cruiser 300дөн түшүп жатканын да көрүүгө болот.

Комментарийлерге өтүү

Темаңыз барбы? Kaktus.kg’ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60(Бишкек) URL: https://kaktus.kg/5820

Аргумент.kg