Рысалиев мандат алды, РАЖда абал тынч болобу?

Рысалиев мандат алды, РАЖда абал тынч болобу?

09-тогуздун айы, 2017-ж // //

Азыр Сооронбай Жээнбековдун активдүү колдоочусу болуп жүргөн генерал Зарылбек Рысалиев иниси Өмүрбек Бабановдун партиясынан депутат болуп катталып, мандатты колго алды. Закенин парламентке келиши, айрыкча Бабановдун катарына кошулушу көпчүлүктүн бүйүрүн кызытты. Ага-инилердин ортосунда катуу сөз болгонун Рысалиев өзү видео аркылуу элге жарыялап жиберген эле. Эми экөө бир катарда кантип чогуу олтурары кызык болууда. Партия башчысына азуусун кайрап, катуу өчөшүп калган Заке РАЖды ичинен иритип салбайбы? Бул кадам БӨТтү алсыздандыруу үчүн атайын даярдалган эмеспи деги? Эгер фракцияны ичтен иритип баштаса Заке чыныгы генерал болбой калбайбы? Генерал деген ичтен былгытпай, тарс жарылат эмеспи. Рысалиев БШК төрайымынан мандатты колго алгандан кийин кечкисин дебатта Жээнбековдун тарапташы болуп олтурду. Шайлоо бүткөндөн кийин да парламенттеги тиреш кызуу болчудай болуп калды.
Булак: “Жаңы Ордо”