Өзүмдөн отуз жаш улуу адамды жактырып калдым.Кандай кылсам?
09-бирдин айы, 2021-ж // // Айпери ОсмоналиеваКатымды чыгарып бериңиздерчи, суранам? Жашым 17де, 47 жаштагы адамды жактырып калдым. Ал кишиге турмушка чыксам өкүнүп калбаймынбы? Ал киши такыр үйлөнгөн жок. Көп жыл мурун анын сүйлөшкөн ата-энеси башкага узатып жибергенден кийин кыздардан көңүлү калып, иштеп жүрүп, 47ге келиптир. Жүрүм-туруму, адамгерчилиги жакшы адам. Ал киши «үйлөнөлү» деп жатат, бирок менин апам каршы, туугандар болсо «жаш роль ойнобойт, эң башкысы адамгерчилик» деп жатышат. Менин да көңүлүм бар, бирок апамды кыя
албайм…