«Анжелика кирешени кайдан табат?» Ырчынын өзү эле эмес 3,5 кг болгон моюнга таккычы да талкууга түштү…

Ырчы Анжелика Кайратованын өзү гана эмес мойнуна таккан жасалгасы да сынга кабылды.

Ырчы өзүнүн инстаграмдагы жеке баракчасына мойунга тагыла турган кызыл түсөгү жасалганы тагынып алган сүрөтүн жүктөп ага:

«Мойнумдагы кооздук 3,5 кг окшойт. Кийгенден кийин мойнум койкоюп өзүмдү императрица сездим», -деп баяндама жазып койду.

Мойунга таккыч жана жакшы сүрөт үчүн ыраазычылык билдиргиси келген ырчынын сүрөтүнүн астына пикир калтыргандардын бири «бул кирешени кайдан табат. Прокуратура текшерсе болмок, өтө көп саякат кылат. Мүмкүн элдин ырыскысы чыгар» деген пикирин калтырды. Анжелика ага:

«Элдин бир сомун да жеген жокмун. Акыл менен калчап таап жатам. Дүйнө жүзүн кыдырууга менде мүмкүнчүлүк бар. Ал менин атактуулугум менин жарнама боюнча тейлөөм» деп жооп кылды.

Буга карабай көпчүлүк ырчынын эс алып жүргөнүн, ичкен-жегенин, жадакалса жеке жашоосун да талкуу кылууга жетишти.

БУЛАК: barometr.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу