Өзгөчө кырдаал качан алынат? Министрдин жообу
07-чын куран, 2020-ж // //Башкы бетКоом
Өзгөчө абал режиминин аяктаарына сегиз күн калды, мындан ары дагы узартылабы?
КООМ
Автор Асаналиева Асель Жаңыланган Apr 7, 2020 20 0
Өзгөчө абал режимин узартуу же токтотуу боюнча сунушту Саламаттык сактоо министрлиги берип, Республикалык штаб чечим кабыл алат. Бул тууралуу ведомствонун жетекчиси Сабыржан Абдикаримов бүгүн брифинг учурунда билдирди.
“Азырынча бир нерсе айтууга эрте. Өзгөчө абал режиминин аяктаарына сегиз күн калды. Биз эпидемиологиялык абалды карап туруп Республикалык штабга сунуш киргизебиз. Аны токтотуу же узартуу боюнча чечимди штаб гана кабыл алат”, — деди Абдикаримов.
Эске салсак Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген.