Өмүрбек Бабанов эс алууга кетти…

Өмүрбек Бабанов эс алууга кетти…

18-тогуздун айы, 2017-ж // //

Жогорку Кеңештин депутаттары эки апталык тыныгуудан соң, бүгүн, 18-октябрда парламенттик жыйынга чогулушту.
Жыйын төрага Чыныбай Турсунбековдун президенттик шайлоодо эң көп добуш алган Сооронбай Жээнбековду куттуктоо сөзү менен башталды.
Ал эми, президенттик шайлоодо экинчи орунду багындырган Өмүрбек Бабанов бүгүнкү жыйынга келген жок.
Белгилей кетсек, “Республика-Ата-Журт” фракциясынын лидери өкмөт башчы Сапар Исаков, Кайсар Абылкасымов тууралуу жалган маалымат тараткандыгы тууралуу маселени парламент жыйынында көтөрөөрүн айткан эле.
Буга чейин бизге маалым болгондой, президенттик шайлоодо тилекке каршы атаандашынан артта калып, массалык маалымат жыйынында “4 айдан бери шайлоо менен жүрөм, эми эс алам”  деген Бабанов, эс алуусун баштады окшойт.
Булак: NazarNews.kg