Жээнбеков Апрель революциясынын катышуучулары менен жолукту. Сүрөт

Жолугушуунун катышуучулары учурдагы көйгөйлөр, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшү, коррупцияга каршы күрөш боюнча пикирлерин билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков 2010-жылдагы Элдик апрель революциясынын катышуучулары, жабыр тарткандардын жана курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрү, коомдук уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Президент Сооронбай Жээнбеков 2010-жылдагы Элдик апрель революциясынын катышуучулары, жабыр тарткандардын жана курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрү, коомдук уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушту

Президент Апрель революциясынын катышуучулары менен жолугушуп, алардын ой-пикирлерин угуп, келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап коюуну ылайык көргөн

Жолугушуунун катышуучулары учурдагы көйгөйлөр, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшү, коррупцияга каршы күрөш боюнча пикирлерин билдирип, Апрель революциясынын катышуучуларынын жеке турмушундагы социалдык маселелер тууралуу ойлорун ортого салышты.

Президент Сооронбай Жээнбеков 2010-жылдагы Элдик апрель революциясынын катышуучулары, жабыр тарткандардын жана курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрү, коомдук уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушту

Билдирмеде белгиленгендей, президент Апрель революциясынын катышуучулары менен жолугушуп, алардын ой-пикирлерин угуп, келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап коюуну ылайык көргөн.

«Узап бараткан жылыбыз жакшы жылдардан болду. Өлкөбүздө тынчтык, туруктуулук, элибизде ынтымак сакталып турду. Эми келерки жылыбыз дагы Кыргызстан үчүн, элибиз үчүн жакшы жылдардан болсун. Бардыгыңыздарга чың ден соолук, узун өмүр жана жакшылыктарды каалайм», — деди Жээнбеков.

Жолугушуунун катышуучулары учурдагы көйгөйлөр, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшү, коррупцияга каршы күрөш боюнча пикирлерин билдирип, Апрель революциясынын катышуучуларынын жеке турмушундагы социалдык маселелер тууралуу ойлорун ортого салышты.

Мамлекет башчысы өз учурунда алардын бардык суроолоруна жооп берди.

Жолугушууга «Мекен Шейиттери», «Эр Теги», «Баатырларга таазим», «Апрель Баатырлары», «Айкөл Ала-Тоо», «Апрель. Элим. Кыргызстан», «Айкөл Таза Коом», «Апрель байрагы», «Элдик сакчы», «Элдик кайрат», «Мекен үчүн», «Орток шамы» коомдук уюмдарынын, «Патриот» ыктыярдуу элдик кошуунунун өкүлдөрү, өкмөттүн биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов, президенттин аппаратынын кызматкерлери катышты.

Булак: Спутник 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу