Омбудсмен Атыр Абдрахматова бийлик үчүн элдин көзүн жайгарчудай…
11-жалган куран, 2022-ж // // Айпери ОсмоналиеваУшундай. Омбудсмендик кызмат «олуялык» эмес. Бул болгону жарандардын кайрылууларын, даттанууларын коомчулукка жарыялайт. Ал эми иш жүзүндө бирөөнү түрмөдөн чыгарып, же укугу бузулган адамга реалдуу түрдө жардам бере албайт. Аныгында, аыктуу иштесе арыздарды жарыялап гана берүүчү орган. УКМК, ИИМ, Башкы прокуратура эч убакта омбудсмен менен эсептешпейт. «Карап көрөлү, мыйзам чегинде иштейли» деген гана жоопторду беришет. Мындай шартта Атыр Абдрахматова канчалык элди кабыл албасын, алардын даттанууларын толук кандуу аткара албасы мүмкүн.
Болгону пиар, эл көзүнө көрүнүү гана иш аракеттери менен чектелери белгилүү. Башка эч кандай жаңылыкты күтө албайбыз. Ашып кетсе бийликке каршы чыккан, Кумтөр боюнча арызданган жарандарды жооткотуп, алдашы гана ыктымал, же калппы?
Атырдын артында Арзыбек Бурканов менен Теңиз Бөлтүрүк турганда эмнени күтөсүңөр? «Баары жең ичинен солонууда» дейт…
Булак: Азия News гезити