Өлүктөрдүн арасында тамеки чеккен адамдын видеосун текшеребиз

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Фейсбук» социалдык тармагында Айбек Аманбаев аттуу колдонуучу «Орустар кырып салып жатат деп украиналыктар жасалма видео даярдашууда» деген аталыштагы тасма жүктөгөн. Анда адамдардын баштыкка салынган денесин жүк ташуучу унаага жүктөп жатканын көрүүгө болот. Алардын биринде тамеки чегип жаткан эркек киши бар.

Бул маалыматты социалдык тармактардын колдонуучулары жана жергиликтүү басылмалар талкууга алышууда. argument.kg сайты да «Инстаграмдагы» баракчасына видеону бөлүшкөн.

 

Маалыматты кантип издедик?

Видеонун башкы булагын табуу үчүн андан кыркып алынган сүрөттү TinEye ресурсуна салып көрдүк. Жыйынтыгында тасма 2021 жылы апрель айында Казакстанда да тараганын аныктадык. Анда бул видео соцтармакка «Коронавирустан адамдар массалык өлгөнү тууралуу кадрларды ушинтип даярдайт» деген өңүттө жайылган.

Бирок видеонун түп нускасын таптык. 2021-жылдын 28-мартында TikTok тиркемесине Вася Иванов аттуу колдонуучу жүктөгөн. Автор видеону «Хаскинин «Никогда-Нибудь» клибин тартуу учурунан”»деген аталышта чыгарган. Ал өзү клиптин клипмейкери (художник-постановщик)  болгон.

Хаски — бул орусиялык белгилүү репер Дмитрий Кузнецовдун каймана аты. Биз маалыматты дагы да бышыктоо үчүн аталган клипти издеп көрдүк. Клип Хаскинин YouTube каналына 2020-жылы 26-сентябрда жүктөлгөн. Анын 2:22 мүнөттөрүндө (таймкод) автоунаага кара баштыктагы өлгөн денелерди жүктөп кетип жаткан кадр бар. Клиптеги унаа, таркап жаткан тасмадагы унаа менен бирдей экенин көрүүгө болот.

Жыйынтык: «Украинада өлүктөрдү жасалмалап жатат» деген видео жалган. Кадрлардын үзүндүсү орусиялык репер Хаскинин клибин тартуу учурундагы тасмадан алынган.

Булак: Т-Медиа

Аргумент.kg