Сoмалиге вертолетту берүү жөнүндө Сапар Исаков жана Алмазбек Атамбаевге таандык документтер жарыяланды

Сапар Исаков кыргыз вертолетторун Сомалиге берүү мамлекетибиздин кызыкчылыгына төп келет деп неге жыйынтык чыгарган?  

Интернеттеги Facebook социалдык түйүнүндө кыргыз вертолетторун Угандага жөнөтүү тууралуу дагы бир документ жарыяланды.

Буга чейин Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын начальнигине Сомалидеги Африкалык союздун миссиясына катышуу үчүн авиациялык техникаларды (Ми-24В эки вертолету жана Ми-8МТВ эки вертолету) багыттоо боюнча суушту жактырууну сунуштаган Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы интернет булактарына жарыяланган.
Кийинки табылган Сапар Исаков кол койгон документте (ал убакта С. Исаков мамлекет башчысынын аппаратынын жетекчисинин орун басары кызматында иштеген) «Демилге КР улуттук кызыкчылыгына туура келет» деп жазылган.
Катта С. Исаков түзүлгөн кырдаалды эске алуу менен баардык жаралган суроолорду мыйзам тартибинде жок кылып жана мамлекет башчысынын жарлыгын аткаруу боюнча ишти ыкчам уюштурууну суранган.
Бул тапшырма Башкы штабка жана коргоо министрлигине берилген. Документке 2015-жылдын 10-августунда кол коюлган.
БУЛАК: maalymat.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу