«Ушундай аялды кантип коё берди?” дейсиңер, макоолугумдан бакыт кушун учуруп алдым

«Ушундай аялды кантип коё берди?” дейсиңер, макоолугумдан бакыт кушун учуруп алдым

11-бугу, 2021-ж // // Айпери Осмоналиева

Өткөн ишке өкүнбө дейт эмеспи, бирок кантип өкүнбөйм. Ушундай жакшы аялды убагында баркын билбей кетирип алдым. Азыр ал башка бирөөнү бактылуу кылып жашап жүрөт.

Мындан жети жыл мурун апам жакын курбусунун кызын алып берип койду. Ал кезде менин сүйүп-күйүп артынан чуркап жүргөн болочоктогу келинчегим бар болучу. апамдын сөзун эки кылбай айткан кызына үйлөндүм. Негедир мага анын жасаган иштери жактпай туруп алды. Үйгө келген туугандарыма дастарконун жаза калып чайын берип баары менен бат эле тил табышып алды. Апам болсо анын окат кылганына сүйүнуп, менин учугумду улаган келин болот деп өзү менен кошо айыл-апага алып барат. Чынында эле бир жылга жетпей үйдун ичи тышы гүлгө толуп, келген адамдын көңүлү эс алгандай абалга жетти. Үйгө кут киргендей эле болду. Кайсы учурда келбейин чайын берип, тамагын астыма кое калып баладай бапестеди. Бул кылгандары менин кыжырымды кайната берди. Эжекем балдарын карашып бер деп апамды өзүнун үйүнө алып кетти. Теңтуштарым менен майрамдап жургөн элем, телефон чалганынан басып коюп отура бергем. Көрсө толгоосу бышып кошунам төрөт үйунө жеткириптир.  Ошентип кыздуу болдум. Мага кошунам сүйунчүлөду. Эмнеге кошунам аялымды жекирет деген жаман ой пайда болду. Аялыма чалып менин көзумө чөп салып, кошунадан төрөгөнун айтып келсең үйгө киргизбейм башканын баласынын мага кереги жок деп телефонду өчүрүп койдум. ошол менен басып да барган жокмун. Аялым да кайрылып келген жок. Кийин апам келип туура эмес кылгаымды айтып барышымды суранды. Айтканыман кайтпай баягы сүйүктүүмө үйлөндүм.  төрт айга жетпей анын кылыгы чыгып, үйдө уруш талаш башталды. Баягы гүлгө айланган үйдун кебетеси кетти. Төркүнүнө ташына баштады. Акыры кетип тынды. ошондо бакыт кушумду эчак колдон учурганымды сездим. Өз кызымды чангам. Мен акмакмын….