Ырчы Кыздаркан Келдибекова турмушка чыкты: «Жолдошум орган кызматкери, мени тойлорго жеткирип турчу…»

Ырчы Кыздаркан Келдибекова турмуш жолуна аттанды. Бул тууралуу ырчы Barometr.kg сайтына билдирди.

«Биз жолдошум экөөбүз буга чейин эле кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрчүбүз. Өзү органда иштегендиктен бош убактысы болбой калган учурлар көп эле болот. Бирок ага карабай убакыт таап мени кээде тойлорго жеткирип турчу. Ал  Ош облусунун Өзгөн районунун Кароол айылынын кулуну болот. Үй-бүлөдө 4 бир туугандын кичүүсү. Жумушуна байланыштуу Бишкек шаарында жашайбыз. Милиция кызматкери болуп эмгектенет. Жолдошумдун жумушуна байланыштуу анын сүрөттөрүн коомчулукка жарыялаганга болбойт экен.», -деп ырчы айым жакшы жаңылыгы менен бөлүштү.

Буга кошумча Келдибекова, эгерде чыгармачылыгыңды ташта, десе ырдабай да калышым мүмкүн, бирок антип айтпайт деп ишенем деген оюн кошумчалады.

БУЛАК:barometr.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу