“Коопсуз шаар” боюнча дагы бир чыр чыкты

Мамлекеттик сатып алуу департаментинде даттануулар боюнча түзүлгөн комиссия «долбоорду ишке ашыруучу катары тандалып алынган “Вега” концернинин иш тажрыйбасы жок» деп жыйынтык чыгарды.

Буга сынакка катышкан дагы бир орусиялык «Маалымат тутумунун коопсуздугу» мекемесинин жазган арызы негиз болгон. Бирок «Вега» концерни комиссиянын чечимине каршы экенин билдирди.

Мамлекеттик сатып алуу департаментинде арыздар боюнча түзүлгөн комиссия “Коопсуз шаарды” ишке ашыруучу катары тандалып алынган «Вега» компаниясына карата арызды негиздүү деп тапты. Бул тууралуу бүгүн “Азаттыкка” департаменттин башчысы Улан Өзүмбеков билдирди:

Улан Өзүмбеков.

— «Иш тажрыйбасы жок» деп арызда көрсөтүлгөн. «Документалдык далилдер» деген да башка пункттар бар болчу. Комиссия ошолор боюнча чечим чыгарды. Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети эми өз чечимин чыгарышы керек болот.

Өзүмбековдун айтымында, эми Маалымат технологиясы жана байланыш комитети тендердин акыркы чечимин үч күндүн ичинде чыгарат.

4-сентябрда “Коопсуз шаар” боюнча өткөн бешинчи тендерде орусиялык «Вега» радиокуруу концерни алдыга чыккан. Компания долбоорду 2 млрд. 300 млн. сомго ишке ашырууга макул болгон. Бирок “Веганын” “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырып, 9 миллион долларды өздөштүрө алганы жөнүндө далил документтери жок экенин арыздар комиссиясына тендерге катышкан башка компаниялардын бири — “Маалыматтык системалардын коопсуздугу” ишканасы билдирген.

Ал өз арызында «Вега» акционердик коомунун документтеринде акыркы үч жылда жол эрежелерин фото-видеого тартып алуу боюнча бир да ырасталган тажрыйбасы болбогонун белгилеген. «Андан тышкары, биздин маалыматтар боюнча «Вега» концерни менен “Спецпроектмонтаж” жоопкерчилиги чектелген коому «аткардык» деген келишимдерди жана алардын тажрыйбасы бар экенин тастыктаган документтер жок болуп чыкты” деп жазылат арызда. “Маалыматтык системалардын коопсуздугу” компаниясы тендерге мамлекеттик “Кыргызтелеком” ишканасы менен катышкан.

Анткен менен орусиялык «Вега» компаниясы арыздарды караган комиссиянын чечимине макул эмес экенин, мыйзам чегинде бул чечимге каршы даттандаарын “Азаттыкка” маалымдады. «Вега» компаниясынын башкы директорунун орун басары Сергей Калмыковдун атынан таратылган кайрылууда «“Маалыматтык системалардын коопсуздугу” берген арызда негизсиз маалыматтар камтылган жана чечим «Вега» компаниясынын өкүлдөрүн чакырбай туруп, бир жактуу чыгарылганы туура эмес болгон” деп жазылат.

Кыргыз өкмөтү “Коопсуз шаар” долбоору быйыл ишке кирерин билдирип келген. Анткен менен бул өкмөттүн “Коопсуз шаар” боюнча жүзөгө ашпай калган алгачкы аракети эмес. Өкмөт бир нече жылдан бери, бир нече компания менен долбоорду баштабай жатып, кол үзгөн. Ушундан улам айрым байкоочулар улам кайталанып жаткан мындай көрүнүштөр «кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыктары болуп жатабы» деп шектенишет. Жол коопсуздугу боюнча долбоорлор менен иштеген Мирсулжан Намазалынын пикирин угалы.

Мирсулжан Намазаалы. Мирсулжан Намазаалы.

— Менин оюмча сүрөө мурдатан эле болуп келген, — дейт ал. — Бул жерде материалдык кызыкчылык да болуп жатпайбы. Компаниялар да бири-биринин жеңишин каалабайт. Ошондуктан чырга айланып жатат. Анан “Коопсуз шаарды” аткарууга каршы болуп келген мамлекеттик органдар жана жеке компаниялар да бар. Ошентип ишке ашпай жатат.

«Тендерде орусиялык «Вега» концерни алдыга чыкты» деген күндөн тартып эле айрым эксперттер компанияны сындап чыгышкан. Алардын жүйөсүндө бул долбоорду ишке ашырууну «Вега» концернине берүү маалымат коопсуздугуна жана жарандардын жекече маалымат базасына коркунуч туудурат.

Дагы башка адистер орусиялык компанияны АКШнын санкцияларына байланыштырып, ал долбоорду ишке ашырышынан күмөн санашкан. Бирок «Вега» концерни бул сындарга жооп берип, дооматтарды четке каккан. Компания тараткан маалыматта “АКШнын санкциялык тизмесинде турган орусиялык компаниялардын чет мамлекеттердеги ишмердүүлүгү чектелбей турганы” айтылган. Бирок «Вега» радиокуруу концерни өзү баш ийген “Ростех” мамлекеттик корпорациясынын АКШнын “кара тизмесине» киргенин танган эмес.

Коомдук тартипти жана жол коопсуздугун камсыз кылууну көздөгөн долбоорду ишке ашырыш үчүн сынактар менен тендерлер 2012-жылы башталган. Андан бери өкмөт башына келгендер «бул долбоорду ишке ашырабыз» дегени сөз бойдон эле келатат. Ал тургай бийлик “Коопсуз шаарды” ишке ашырмакчы болгон компаниялар менен чырдашып, соттошкон учурлары да болгон.

Булак: Азаттык

Аргумент.kg
Жооп калтыруу