Мугалим: Ал кыз мага көп сөздөрдү сүйлөдү, ачуум келип өзүмдү кармай албай калдым

Мугалим: Ал кыз мага көп сөздөрдү сүйлөдү, ачуум келип өзүмдү кармай албай калдым

27-бугу, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева

Сузак районунун аймагында жайгашкан орто билим берүү мектептердин биринде, окуучу кызга кол көтөргөн мугалим окуянын чоо-жайын айтып берди.

«Сабактын башында эле Асема деген кыз сабакка көңүл бурбай телефон менен олтурган. Телефонуңду сал сабак башталды деп эскертүү бердим. Бир эмес эки жолу эскертүү бердим бирок, сабакка көңүл бурбай сүйлөй беришти. Ал кызга дагы бир жолу кайрылдым бирок, ал кыз өзүм билем деп мага карата каршы сөздөрдү айта баштады. Бир топ сөз менен айтыштык. Ага чейин эле биринчи партада менин кызым олтурат эле. Ал эми Хадича деген кыз төртүнчү партада олтурат. Хадича кызым жакка кантип өткөнүн байкабай калыпмын. Кызым экөө айтыша кетишти. Жаңы эле Асеманы тынчтандырдык эле, эми сага эмне болду десем, мага көп сөздөрдү сүйлөдү…Ошол убакта ачуум келип, өзүмдү кармай албай барып кызды уруп салдым. Бирок, ал кылганым туура эмес болду. Ошол күнү эле кыздын ата-энесинен кечирим сурап, бул маселени чечишип алганбыз»,-деди мугалим.

Эскерте кетсек, буга чейин социалдык тармактарда Сузак районунун аймагында жайгашкан орто билим берүү мектептердин биринде, мугалим жашы болжол менен 15-16 жаштагы окуучу кызды колу менен бети-башына бир нече жолу уруп жиберген видеотасмасы тараган.