Мурдагы мэрлердин сотунда «экстер» суралды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда мурдагы мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча сот жүрүп жатат. Экс-мэрлердин сот процессинде буга чейин Албек Ибраимовго байланыштуу иштер гана каралып келсе, соңку жети айдан бери Кубанычбек Кулматовго тиешелүү маселелер карала баштады.
13-сентябрда соттук жараянга күбө катары көрсөтмө берүүгө экс-премьер-министрлер Темир Сариев менен Жоомарт Оторбаев келди.
«Улуттук энергохолдинг» ишканасынын учурда камакта отурган мурдагы жетекчиси Айбек Калиев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев жана мурдагы билим берүү министри Канат Садыков күбөлөрдүн катарын толуктады.
Экс-премьер-министр Темир Сариев 2014-жылы Экономика министрлигин жетектеп турганда Калыс-Ордодогу мектептин курулушу боюнча бүтүм даярдаганын айтты.
Жаңы конуштардын оор жагдайын белгилеген Сариев мектепти куруу туура чечим болгонун жана каражат ошол учурда максаттуу пайдаланылганын белгиледи: Темир Сариев. Темир Сариев.

«Кандай болгон күндө да өз позициямды билдирип коюшум керек. Бул керектүү мектеп болгон жана эң туура чечим кабыл алынган. Ал мектепте бүгүн балдар окуп жатат, окуу имараты азыркыга чейин турат. Алгач мектепти Чүй облусунда куруу тууралуу сөздөр жүргөнү эсимде. Бирок өкмөт кеңешип, Калыс-Ордодо мектеп тартыштыгын эске алып, ошол жака курууну туура көргөнбүз. Эгерде мектеп курулбай калганда, бир топ балдар улам бир имаратка көчүп, окушмак».
Отурумга күбө катары чакырылган мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев ден соолугуна байланыштуу сот залына майып араба менен келип, көрсөтмө берди.
Ал мектепти куруу маселесинде Кытай тарапка доо артуу туура эмес экенин, анткени кытай компаниясы мектепти жардамдын алкагында салып бергенин айтты.
Бирок 2014-жылы билим берүү тармагын жетектеп турган Канат Садыков мектептин курулушу боюнча суроолор көп экенин эске салды. Ал кыргыз тарап тендер өткөрүү менен курулуш компаниясын аныктабай эле иш баштаганын чекилик катары эсептей турганын билдирди:

Канат Садыков.

«Бизге алгач эки мектептин долбоорун даярдоо тууралуу буйрук келген. Мына ошондо Билим берүү министрлиги бир мектепти Чүйдөгү Беловодский айылына, ал эми экинчисин Өзгөн районуна салуу тууралуу долбоорду даярдап, сунуш кылган. Бирок биздин сунуш кийин колдоо таппай калды. Буйруктун негизинде эки мектептин ордуна бир эле мектеп салынарын жана ал үчүн Калыс-Ордо конушу тандалып алынганын билдик. Андан ары министрлик мектептин курулуш ишине кийлигишкен жок. Бирок кандай болгон күндө да мектепти куруш үчүн тендер өткөрүлүшү керек эле. Себеби, мыйзамда ушинтип жазылган».
Ал эми мурдагы премьер-министр Жоомарт Оторбаев көрсөтмө берип жатып Кыргызстанда ошол кезде 400гө чукул мектеп тартыш болгонун, айрыкча Калыс-Ордо конушунда бул маселе курчуп турганын белгиледи. Ал Кыргызстандын бюджетинин 20 пайызы билим берүү тармагына жумшаларына, мамлекет үчүн билим берүү тармагы орчундуу багыт экенине токтолду.
Оторбаев 2014-жылы Калыс-Ордодогу мектеп «эксперименталдык» деген статустун негизинде салынганын кошумчалап өттү:

Жоомарт Оторбаев. Жоомарт Оторбаев.

«Калыс-Ордодогу мектептин курулушун 2014-жылдын май айына чейин жана кийин деп эки этапка бөлөр элем. Себеби, мен май айына чейин премьер-министр эмес элем, билим берүү тармагын тейлеген эмесмин. Кийинчерээк ноябрь айында буйрук чыгарып, мектептин эксперименталдык долбоорун иштеп чыгууну тапшыргам».
Башкы прокуратура эки мектептин ордуна бир мектеп салынып, ал болгондо да эч кандай тендери жок эле куруучу компаниянын колуна берилгенин түздөн-түз мыйзам бузуу деп баалаган.
600 орундуу мектеп салыш үчүн Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдогон кытайлык ТВЕА компаниясынын 2 млн. доллар акчасынан тышкары, Бишкектин шаардык бюджетинен 114 млн. сом сарпталган. Башкы көзөмөл органы өкмөт 2 млн. долларга 1000 орундуу мектепти курмак деп эсептейт.
Ушундан улам, мурдагы мэр Кубанычбек Кулматовго 2014-2016-жылдары Бишкекте мэр болуп турган «Калыс-Ордо конушундагы мектепти курууга кеткен 2 млн. долларды пайдаланууда жемкорлукка барган» деген айып коюлуп жатат.

Кулматовдон кийин кызматка келген Албек Ибраимов да «мектеп курулушунан акчанын өөнөлүшүнө катышы бар» деп айыпталууда.
Бирок экс-мэр Кубанычбек Кулматовдун айтымында, мектептин курулушу үчүн кытай компаниясы Бишкек мэриясына акча бөлгөн эмес. Ал каржылоо ошол жактан түз эле мектептин курулушуна төлөнгөнүн айтып келет. Ушундан улам ал акча каражаты мамлекеттик бюджетке түшпөй, тендер да өткөрүлбөй эле курулуш иштери башталганын белгилейт.
Экс-мэрлер Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматовдун иштерин бириктирип кароо тууралуу чечимди Ленин райондук соту ушул жылдын 6-мартында өткөн жараянда кабыл алган. Кулматов менен Ибраимовдун иши тергелип бүттү

Адвокаттардын ишти өз-өзүнчө бөлүп кароо тууралуу бир нече өтүнүчү канааттандырылган эмес. Жалпысынан бул соттук жараянда 13 адамдын жоопкерчилиги каралып жатат.
Буга чейинки соттук жараян 11-сентябрда болгон. Акыркы жолу Бишкек шаарынын Ленин райондук соту Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун бөгөт чарасын караган учурда алардын абакта калуу мөөнөтүн 6-ноябрга чейин узарткан.
Булак:Азаттык.кж

Аргумент.kg