Нурлан Насип: «Клипти тартуу биз үчүн аябай эле кооптуу болгон»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Күнүгө Ютуб социалдык баракчасына миңдеген ырлар жүктөлүп турат. Ал жактан ар ким өзү каалаган чыгарманы угат, жакпаганына экинчи кайрылбайт. Көпчүлүккө бирдей жагып, ыры да, клиби да таасирленткендери аз гана. Биз бүгүн эң көп угарман топтогон клиптер тууралуу сөз кылабыз.
📍 Ырдын аталышы: «Ырдалып бүтпөйт махабат»
📍 Аткаруучулар: Нурлан Насип, Асел Кадырбекова
Чыккан күнү: 2018-жыл 24-декабрь
Кароо: 9 238 508
_____________
Нурлан Насип: “Клипти тартуу биз үчүн аябай эле кооптуу болгон”
— Бул клипти да Эрнис тарткан. Клипти кышында тартканбыз, бул мезгилде жубайым кош бойлуу болчу. Ошондуктан суукта тартуу биз үчүн аябай эле кооптуу болгон. Жеңил кийимчен жүрүп баарыбыз үшүп калганбыз. Эки миң доллардай чыгаша кылганыбыз менен, бул чыгарманын элге жагарын ошондо эле билгенбиз. Себеби үзүндүлөрүн инстаграм баракчабызга жүктөгөндө эле күйөрмандарыбыздан “эртерээк чыгарыңыздарчы” деген суранычтар көп келчү.

Булак: Леди.кж

Аргумент.kg