Москвадагы нөшөр: чагылган түшкөн жерден бир адам каза болду

Москвадагы нөшөр: чагылган түшкөн жерден бир адам каза болду

01-теке, 2017-ж // //

Туруксуз аба ырайынан улам Москвада 40тан ашуун авиа каттам токтотулуп, 4,5 миң адам электр жарыгысыз калды.

Жума күнү Москва шаарында жана Подмосковьеде нөшөрлөгөн жаан жаагандыгы тууралуу РИА Новости жазды.
Россиянын метеорологдору 30-июнда аба-ырайы кооптуу болоорун билдирген.
Маалыматка караганда, чагылган түшкөн жерден бир адам каза болуп, дагы бирөө медициналык жардамга муктаж болду.
Ошондой эле шаардын бир топ жерлерин суу каптап, 40тан ашык авиа каттам токтотулду. 4,5 миңден ашык адам электр жарыгысыз калды.
Ошол эле маалда бир адам интернет жылдызына айлана алды. Одинцов районунун жашоочусу суу каптаган көчөдө үйлөмө кайыкка кайырмак кармап отуруп алган видеосу интернетке тарап кетти.
Булак: Спутник.кж