Мирбек Атабеков: “Кийинки жылы башка өлкөгө кызмат кылып калышым мүмкүн”

Мирбек Атабеков: “Кийинки жылы башка өлкөгө кызмат кылып калышым мүмкүн”

30-үчтүн айы, 2020-ж // //

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков жаңы альбомун чыгаруу алдында турат. Бул тууралуу толук маалымат алуу үчүн ырчы мырзанын өзүнө байланышканыбызда Bars.Media маалымат агенттигине төмөндөгүлөрдү билдирди:

“Быйыл, 2020-жылы 10-15 жылдан бери эртең-бүрсүгүнү чыгарам деп калып калган чыгармаларды чогултуп, жаңы ырларым менен биргеликте альбом чыгаруу алдында турабыз. Кыргызстандагы кыялданган бүт идея, пландарымды ишке ашырышым керек. Себеби, кийинки жылы башка өлкөгө кызмат кылып калышым мүмкүн. Тагыраагы, Америка же Москвага.

Ошондуктан жаңы чыгармаларды жаратып, жергебизде концерт берип, жыйынтыктоо чыгарып коюшум керек.

Жаңы альбомдо Керим Тураповдун, Чубак Сатаев, Нурак Абдрахмановдун чыгармаларын аткарам. Андан сырткары Токтогул Сатылганов, Барпы аталарыбыздын үлгү ырлары жаратабыз”- деп БарсМедиа жазып чыкты