Кызганычтан улам аялын муунтуп өлтүрүп салды
21-үчтүн айы, 2021-ж // // Айпери ОсмоналиеваКызганычтан улам аялын муунтуп өлтүрүп, өзү өлүүгө аракет кылган адам жандандыруу бөлүмүндө каза болду. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын маалыматында, 45-жаштагы жаран аялын кызганып уруша кетип муунтуп өлтүрүп алган. Андан кийин өзү “Неоцидол” ичип оор абалда Түп районунун ооруканасына түшкөн. Ал Ветеринардык дары ичер алдында инисине телефон аркылуу аялын муунтуп өлтүрүп алганын билдирген.
Ал жаранга кылмыш иши козголуп, милициянын кайтаруусунда ооруканада жаткан. Сурак учурунда отуруштан кийин аялын кызганып кызуу кандуулук менен муунтуп өлтүрүп алганы аныкталган. Ал эми аялдын сөөгүн үйүнөн уктоочу бөлмөдөгү кроваттын үстүндө болгон.
Көп өтпөй кылмышка шектүү адам жандандыруу бөлүмүнөн жан берди.