Мээрбек Мискенбаев: Экс-президенттер жалгыз Атамбаевди талап атышты

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

“Мындан 13 жыл мурун, 7-апрель күнү Бакиевдердин заманы кулаган. 80ден ашык адам шейит кетип, 200-300дөй адам катуу жаракат алышкан эле. Азыр ошол эле Бакиевдердин кадрлары баш көтөрүп, бийликке келе баштадыбы? Эл эмне үчүн атылды эле?” деген собол таштадык.

Мээрбек Мискенбаев, экс-депутат:

— Бакиевдер Сооронбай Жээнбековдун заманында баш көтөрүшкөн. Азыркы бийликте отургандардын 90 пайызы Бакиевдердин кадры экени айдан-ачык көрүнүп турат. Ошон үчүн Дубайдагы жолугушууда Акаев, Бакиев, Жээнбеков жалгыз Атамбаевди талап атышты да. Жөн жерден эмес…

Ооба, 7-апрель күнү 87 адам каза болсо, ал сан азыр жүздөн ашты. Ошол күнү 200-300дөй адам жаракат алса, ушу кезде миңге жеткени бизге маалым. Балдарды аткандарды биз бир гана Кудайга коюп атабыз. Бу дүйнөдө болбосо да аркы дүйнөдө жазасын катуу алышат.

7-апрелди жок кылуу миссиясы Сооронбайга жүктөлгөн жана башталган болчу. Ал эми азыркы бийлик баш-оту менен аракет кылышууда. Анткен менен тарыхты эч ким жок кыла албайт. Эртели-кеч 100дөн ашык бала 7-апрель күнү эркиндик үчүн, “мындан ары карапайым кыргыз эли кул болбойт” деген таризде атылганын тастыктаган тарых кала бермекчи.

Алиясбек Алымкулов, Кыргыз Эл Баатыры:

— Биз кийинки муунга татыктуу үлгү боло албай жатабыз! Ушинтип кесе айталы. Мекендин желегин желбиреткен Баяман, Санжар, Раатбек ж.б. ушул сыяктуу жолборс сындуу ак жүрөк эр азаматтар чилдей атылып, каны төгүлгөн. Алардын айыбы эмне эле?..

Адилеттүүлүктөн тайып, элдин жонунан кайыш тилип жаткандарга өз үнүбүз жетпей, ортодон от чыгып, октун жалыны канча элдин канын жерге төгүп, мерт кетип, азыркыга чейин октун азабын тартып майып болуп жүргөндөрдү карап зээниң кейийт.  Элдин арты менен эркиндикке чыккандар элдин үмүтүн аткарары миллиондон бир экен…

“Түндөр жаман… кырсык салып кетпесин,

Наалат келип ат тизгинин шарт буруп…

Азабыңды өз мойнума алайын,

Из карайын, токтой турчу, Ата-Журт!” деп акын, драматург, котормочу Алыкул Осмоновдун жүрөгүн ооруткан ошондогу заман азыр деле кайталанып, бирок башка өңүттө экени шексиз.

Адам баласы бат эле унутуп, бат эле эстен чыгарып коёт экенбиз. Ал эми акындардын жүрөгүнөн туйлап чыккан кирсиз мындай таза ыр саптары, адамды миң ойлонтуп, миң чөктүрүп, миң тирилтет…

Сурат Жылкычиев  «Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg