«Кымбаттаткан адамды Кудай урат, -дедиң эле бакылдап, электирди».Эми Кудай урушу керек кимди?
15-теке, 2017-ж // //Буулуп турам түнөргөн булуттардай,
Шатыратып бугумду төккүм келип.
Ант ургур, ай, ант ургур, куруп кал, ай,
Араң турам ашатып сөккүм келип!
Өлгөндөрдүн үстүндө бейитинин,
«Төшү түктүү Жер ур!»- деп ант бергенсиң.
Татып даамын бийликтин «бейишинин»,
Антты унутуп, түлкүдөй жалт экенсиң.
«Кымбаттаткан адамды Кудай урат,
-дедиң эле бакылдап, электирди».
Күбө болуп ал турат, бу да турат,
Эми Кудай урушу керек кимди?
Жерде башы бириккен алты адамдын,
Адатыңыз өпкөлөп арызданбай.
Келечегин күрөөгө Кыргызстандын,
Коркпой коюп тапканың- карыз алмай.
Жең ичинен жер сатмай өзү бизде,
Ажолордун башына тийген оору.
Үзөңгү-Кууш, Каркыра кеткен эле,
«Салтты» бузбай пулдадың Үңкүр- Тоону.
Үзүлгөндү улап бир чыйраткансып,
«Теке, төө» деп жик бөлүп чаң салдың да.
Алты жылда көп болсо кыйраткансып,
«Арашанга» килейтип там салдың да.
Кынык алып калдыңыр, кынык алып,
Чыгарышсын ырымдын эсеп-чотун.
Жазгандардан көндүңөр «жилик» алып,
Доого жыгып беришсин «чөнтөк- сотуң».
«Түлкү сүйбөйт,-деп коет- ит күлүгүн»,
Өмүрбекти алпарып камап койдуң.
Акылымда «сессия» өттү бүгүн,
Парламентсиз мен сизге «талак» койдум.
Автор: АЗАМАТ ТӨКӨРОВ
Булак: Назарньюс