Куудул Жамбыл Камчиев  жалган маалымат таркатты…

Куудул Жамбыл Камчиев жалган маалымат таркатты…

01-бугу, 2020-ж // //

Белгилүү куудул Жамбыл Камчиев Ахматбек Келдибеков жана Жылдыз Жолдошева тууралуу жалган маалымат таркатканын моюнуна алып кечирим сурады. Бул тууралуу ал фейсбук баракчасына жазып чыкты.

 

Анда Жамбыл Камчиев кимдир бирөөлөрдүн калп сөзүнө ишенип Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын төрагасы Ахматбек Келдибеков жана Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты Жылдыз Жолдошева тууралуу соцтармактарга далилсиз маалыматтарды таркатканын айтып, эки саясатчынын кагыштырган күчтөр бар экенине ишенгенин айтат.

 

-Буга чейин Жылдыз Жолдошева менен Ахматбек Келдибеков тууралуу жазгандарым баары тең ушак жана жалган маалымат болуп чыкты. Мен өз сөзүн далилдей албаган адамдардын ушагына ишенип элге туура эмес маалымат таркатыпмын.

 

Ошондуктан, Жылдыз Жолдошевадан, ошондой эле Акматбек Келдибековтон кечирим сурайм. Экөөңөрдү “кагыштырайын” деген күчтөр бар экенине ишендим. Сиздерге ийгилик каалайм… дагы бир жолу үзүр-деп жазат Жамбыл Камчиев.