Күйөөмдү кошуна келинден кызганам деп «шалп этек, эчки» деген сөздү уктум

Күйөөмдү кошуна келинден кызганам деп «шалп этек, эчки» деген сөздү уктум

20-тогуздун айы, 2021-ж // // Айпери Осмоналиева

Сүйүү деген ушул экен деп турмушка 17 жашымда чыгып алгам. Ата-энем каршы чыкты, эжелерим каршы болду бирок мени эч ким токтото алган жок. Ошентип бактылуу жашадым.  Жолдошум баланы жакшы көргөндүктөн төрт балалуу болдум. Экөөну кайненем, экөөнү апам багып алды. Бизди жаш окууларын бүтуп окаттарын кылдырата берсин дешти окшойт. Болгону батирден батирге көчүп жашадык. Азыр бешинчиси боюмда бар. Эки айдан бери күйөөмдү ар кимден кызгана берчу болдум. Үйдө калганымда көз алдыма күйөөм бирөөнү кучактап жаткандай элестер келе берет. анан телефон чалам. Кээде албай коет, ал келгенче кайра-кайра чала берип нерв болгондон улам ичим түйүлүп калып жатат. Жаныбызга бир ай мурун жаш үй-бүлө көчуп келди. Аялы менден улуу болсо да жаш көрунгөн сулуу аял экен. Дайыма кошуналар менен сылык учурашып калганын көрөм. Бир жолу күйөөм ошол аялдын кызынын коляскасын көтөрүшүп келгенин кокусунан көруп калгам. ошондон бери күйөөмду ошол келинден кызгана берем. Сыртта аны менен жолугушуп жүргөндөй сезиле берет. Өткөндө чыдадым жетпей анын күйөөсунө жолугуп аялың менин күйөөмду жайына койсун дедим. Кийинки күнү аялы келиптир. Мени ушунчалык кемсинтип жаман сөздөрдү айтты. Жаным ачышты. «Сенин эриңдин мага кереги жок, күйөөмө мени жаманатты кылыптырсын керек болсо сени жалаа жаап үй-булөмду бузуп жатат деп сотко берем. Сендей шалп этектен жакшы эрди тартып алгандар четтен табылат. Эчкидей жылдап төлдөп чачты иттин даакы жүнүндөй кылбай алгач өзүңдү кара андан кийин эриңди кызган»-деди. Ошондон бери сыгылып жатам. Ичим тез-тез түйүлүп жатат. Оюмдун баары күйөөм менден кетип кимди кучактап жатат деген суроого байланып жатат.