Күйөөм мага айтпай башкага үйлөнүп эки бала менен ара жолго таштады

Күйөөм мага айтпай башкага үйлөнүп эки бала менен ара жолго таштады

11-аяк оона, 2020-ж // // Айпери Осмоналиева

Эркектер эмне мынча таш боор болушат. Баланы багып өстүрүү парзы мойнунда жокпу… Бала энеге да атага да бирдей экенин мойнуна алгысы келбегендер кыйынчылыкта балдар тоскоол болду деп башка аялды тандап кете берсе кудай булардын кылганын кечире береби? Кече эле ырчы Айгүл Чалованын жолдошун жек көрүп анын посторун окуп кыжаалат болуп, күйөөсү кандай таш боор адам деп ойлодум эле. Бүгүн мен да анын абалында отурам. Болгондо да эки бала менен ишсиз отурам. Мындан он жыл мурун жолдошум менден бир жаш кичүү экенине карабай артымдан чуркап ыйлап, мени издеп артыман Орусияга чейин барганычы. Мени бактылуу кылам деп жалдырап чөгөлөй калып буркурап ыйлап мен сиз жашоосунун жоктугун айтып жатканы бүгүн жок болуп чыкты. Мен ага менин артыман калбай ыйлап чуркады баш аттабайын кусуру уруп кетпесин деп турмушка чыктым. Ошондо да жолдошумдун сүйүүсүнө ишенип аны бузуп албайын деп сабырдуулук менен жокту билдирбей жашадым. Жети жылдын ичинде башыбыздан эмнелер гана өткөн жок. Баарын чогуу көтөрдүк. Бир жыл мурун үйгө жетип эми квартиралабай көңүлүбүз тынчыды дебеди беле? Көрсө бул жөн гана жомоктун бүтүшү экен. Үйгө келбей калса башында жумушу болуп калган экен деп ойлоп жүрдүм. Көрсө ошондо эле жаш кызды таап алып өз жашоосун баштап алыптыр. Бир жылдан ашуун убакыт баарына көзүмдү жуумп, балдар үчүн келет деп күттүм. Үйдө наным барбы, чайым барбы? Балдардын курсагы токпу сураган жок. Күйөөмдүн көзүмө чөп салганынан көңүлүм калды бирок балдарым анын сүрөтүн койнуна алып жатып аны бир жылдан бери күткөнүчү… Эми сүйүктүүсүнүн боюнда бар экен деп эч кимге айтпай менден жашырынып ата-энесинин үйүнө алып барыптыр. Мендеги бага албай калган балдарды ал да төрөйт. Аны да эки бала менен бага албай калдым деп милдеттемеден качабы? Балдарым деле чоңоет. Жашоом түгөнүп калбайт. Болгону ызаландым. Балдарымдым сени күткөн көз карашына чыдабай жатам. Айтар га сөзүм да калган жок. Болгону акмак экенсиң….