Күйөөм эки жүздүү кантип мүнөзүн өзгөртөм?..

Күйөөм эки жүздүү кантип мүнөзүн өзгөртөм?..

29-теке, 2021-ж // // Айпери Осмоналиева

Кымбаттуу эжелер сиздердин кеңешиңиздер керек. Турмушка чыкканыма төрт жыл болду. Ушул аралыкта эки ортодо чайналып жашап келем. Төркүнүмөн да чыга баштадым. Буга себеп күйөөмдүн эки жүздүүлүгү болду. Башында мындай экенин байкабаптырмын. Кээде апасына башканы айтып, мага башканы айтып келет. Кийин сөз болуп калып айтып калсам эле мен калпычы болуп чыга келем. Мындан эки жума мурун кайненемдин туулган куну болуп алтымышка толду. Күйөөмө «апама колубузда акча барда сүйүнтүп алтын сөйкө алып берели»-десем ал апам алтынды жактыра бербейт көйнөк эле ал көйнөк кием деп жаткан деп койгон. Анан базарды беш айланып журуп кайненеме жакшы көйнөк таап келгем. Тоюнда көйнөкту кийгизгенден кийин кайнежем «Каап мага айтсаңар мен деле акча бере турмакмын апама алтын алып берем деп жаттыңар эле»-деп калды. Анда күйөөм уялбай туруп эле «келиниңер болбой койду алтын алалы десем»-деп койду. Ошол жерден кайнежем тырчып калды. Ошентип күйөөмдун эки сүйлөгөнүнөн улам мен жаманатты болуп калдым. Азыр туугандарга барып бир нерсе деп сүйлөөдөн да коркуп калдым. Мындай мүнөздү калтырса болобу?