Өрт чыккан машыгуучу жайды бир ай мурда премьер Абылгазиев ачкан

Өрт чыккан машыгуучу жайды бир ай мурда премьер Абылгазиев ачкан

02-бештин айы, 2019-ж // //

Өрт чыккан машыгуучу жай Dasmia эс алуу борборунун фитнес-залы болуп эсептелет. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан жазып чыкты.
Өрт 30-ноябрда, саат 09.30дар чамасында чыккан. Куткаруучулар өрттү 1,5 саатта толугу менен өчүрүшкөн. Кырсыктын келип чыгуу себеби такталып жатат.
Юстиция министрлигиндеги маалыматка караганда, фитнес-борборго Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Турусбек Мамашов ээлик кылат.
Бир ай мурда фитнес-борбордун ачылышына премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев катышкан. Өкмөт башчынын кызыл тасманы кесип жаткан сүрөтү интернетке тарап, коомчулуктун сынына кабылган.