Президент Сооронбай Жээнбеков Нарын облусуна иш сапары менен барды. Анын алкагында «Газпром» компаниясы курган спорт комплексинин ачылышына катышты.
Өлкө башчы спорт комплексинин ичин кыдырып, волейбол залынан топ ойноду.
Президент мектеп окуучусу кезинде волейбол боюнча ийримдерге катышып, ийгиликтерди жараткан. Анын дене тарбия боюнча мугалими Маман Исмаилов Жээнбеков шамдагай оюнчу болгондугун жана мелдештерде биринчи орундарды багындырганын Sputnik агенттигине айтып берген.
Президент Сооронбай Жээнбеков Нарын облусуна иш сапары менен барды. Анын алкагында «Газпром» компаниясы курган спорт комплексинин ачылышына катышты. Булак: Спутник