Саламатсыздарбы. Сураныч менин катымды чыгарып бериңизчи. Мен 24 жаштамын. Эки кичинекей кыздарым бар. Масале баягы эле күйөө. Жашаганыбызга 4 жыл болойун деп калды, бирок ошол 4 жыл ичинде далай токмок жеп ар кимдин артынан ээрчип боюмда бар да таштап кетем деген күндөрү болду. Азыркы күнгө чейин колу тийет балдарымдын көзүнчө чачтап сүйрөйт байкуш кыздарым »МАМА ЫЙЛАБАЧЫ»-деп келип көзүмдү арчып өпсө жүрөгүм кан сырайт.
Менин маселем бир жума мурун боюм да бар экенин билдик. Эми бүгүн келип алып көк ала кылып сабап ичке тепкилеп сен төрөгөн баланы башкасы деле тууйт деп атат. 1 тыйын карматпайт. Жакшы акча табат, бирок ал акчасын ары бери кылып жоготот ичет, элди сүйүндүргөндү жакшы көрөт. Көңүлүм калды кандай кылсам боюмдан алдырып эки баламды апама таштай туруп иштеп өзүм баксамбы Кудайга күнөөкөр болгум келбейт бирок айла жок…