Күйөөм мени “сүйөм” деп, башкага да арзуусун арнап жүрүптүр…
30-аяк оона, 2022-ж // // Айпери ОсмоналиеваМен турмушка чыкканыма 7 жыл болду. Эки балабыз бар. Ушул убакка чейин “сүйөм” деп күйөөм мага күндө айтат. Мен ишенчүмүн. Ушунча жакшы көрүп, таттуу сөздөрдү айтат. Бирок ичип алып жинди болуп, уруп да коет. Эртеси күнү соолукканда тизелеп кечирим сурап, таманыма чейин өпкүлөп, “сүйөм, сенсиз жашай албайм” деп жалдырайт. Бирок, бир окуядан кийин сүйөрүнө ишенбей калгам. Мурунку сүйгөнүн интернеттен таап, жазышып жатыптыр. Үч күн жазышкандарын окудум.
Ушул убакка чейин аны сүйөрүн, андан башка бул дүйнөдө эч ким жок экенин, көздөрүн, таттуу эриндерин сагынганын, ушунча назик, ак көңүл жан экенин кайра-кайра жазып, аны менен жолуккусу келгенин, суранып жатканын окуп жүрдүм. Ошол эле маалда үйгө келип алып, «сени ушунча катуу сүйөм жаным, менин чексиз бактымсын» деп көзүмө карап туруп сүйлөп жатканда, “эркек эки жүздүү болот экен” деп таң калгам. Ал сүйүүсүн арнап жатканда ичимен өрттөнүп, жүрөгүм музга айланып баратты.
Көзүнө карап турдум, бирок ушунча бал тил менен алдап жатты, эгер мен ошол жазышкандарын окубаганда, дагы деле ишенип жүрө бермекмин. Чоң уруш болду. Сөз берип алып калды. Бирок мендеги ага деген ишенич сүйүүм менен кошо өрттөнүп кеткен. Кийин дагы ошонусун далай жолу кайталайт…