«Карындашым, эсиң барда этегиңди жап»! Дөөлөт Сыдыков менен Гулнур Асанова кайым айтышууда
23-бирдин айы, 2022-ж // // Айпери ОсмоналиеваМанасчы Дөөлөт Сыдыков менен дастанчы, ырчы Гүлнур Асанова социалдык тармактагы баракчалары аркылуу кайым айтышууда. Буга эмне себеп болгонун билүү үчүн эки тарапка тең кайрылдык.
Ырчы Гүлнур Асанованын айтымында, ал Инстаграмдагы баракчасына Манас атаны да Кудай жараткан деген тариздеги билдирүү калтырган. Дал ошол билдирүү манасчы менен кайым айтышууга алып келген.
«Манас атабызды мисал келтирип сүйлөбөшүм керек тура. Кудай Манас атабызды да жараткан десем, күмөнү бар окшойт. Манас ата жөнүндө сүйлөбөшүм керек экен кыскасы. Энчилеп алышканбы же Кудай кылып алышканбы — бул табышмак. Кыскасы, Манас атабызды, сизди жана мени, бүт ааламды жалгыз Алла жараткандыгын айтсам эле талап жатып калышты», — дейт ырчы.
Ал эми Дөөлөт Сыдыков ырчынын билдирүүлөрүнө жооп берип, талашып-тартышууга себеп деле жок экенин айтат.
«Гүлнур Асанова, биринчиден мага асылгыдай сага эмне кылдым? Экинчиден, теңирчи деген эмне? Лексикада андай сөз жок. Теңир деген сөз бар, Кудайдын кыргызча аталышы. Үчүнчүдөн, эмнени алдады деп жатасың. Гиннесске айтканды калп эле Манас айтты деп жазыптырсың. Ооба бир эмес, эки жолу айттым. Менин айтканымдан күмөн санабай эле кой. Мен айттым, ал жерде Лондон үчүн документтештирүү иштери жүрүп жатат, ал жерге катталуу оңой-олтоң иш эмес. Гиннесске катталуу кечигип же созулуп жатса ал менден көз каранды эмес. Карындашым, эсиң барда этегиңди жап! Сен экөөбүз бир окуу жайда бирге окуп, бир сахнада жүргөн кишибиз. Манасыма шек келтирбе, кыргыз болсоң Манаска асылба. Менин сага берер кеңешим ушул», — дейт.