“Адахан Мадумаров Кыргызстандан качып кетти” деген кептерге партиядан расмий жооп беришти

“Адахан Мадумаров Кыргызстандан качып кетти” деген кептерге партиядан расмий жооп беришти

24-жетинин айы, 2021-ж // // Айпери Осмоналиева

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров “Кыргызстандан качып кеткени” жөнүндөгү жалган маалымат “Азаттык” радиосунун атынан социалдык желеге таратылууда.

22-ноябрда “Фейсбуктагы” айрым баракчаларда ушундай өңүттөгү кабар “Азаттыктын” эн белгиси (лого) менен кошо жарыяланган.

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Мирбек Мунарбек уулу Мадумаров эки күн мурун Орусияга кеткенин, Москва жана Санкт-Петербург шаарларында шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүп жатканын маалымдады. Анын айтымында, саясатчы 26-ноябрда Кыргызстанга кайтып келет.