Али Нурматов: Бакиев канкор эмес, кан деле төккөн эмес

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Гезитибиздин өткөн санында “Душманды тааныбаган Талгарбеков” аттуу Мукан Усубакуновдун макаласы жарыкка чыккан. Бирок ал макалада айтылгандарга каршы пикирлерин билдирип, саясат айдыңында жүргөн  коомдук ишмерлер Али Нурматов жана Кайып Шер редакцияга башбагышты.

Али Нурматов, коомдук ишмер:

— “Азия Ньюс” гезитинин өткөн санында “Душманды тааныбаган Талгарбеков” аттуу макала жарыкка чыгыптыр. Биз Талгарбековго тийешебиз жок, бирок Бакиев тууралуу автор туура эмес жазыптыр. Бакиев канкор эмес, кан деле төккөн эмес. Адам баласы адашат. Ал убакта тартип кармоо үчүн Бакиевден да кеткендир, бирок “апрелчилер” атайын план түзүшүп, төңкөрүш кылышкан. Анан “акчаны да Бакиев алып кетти” деп жаманатты жасашты. 87 адамдын өлүмүн дагы Бакиевге шылташты. Бул жерде күнөөлүүлөр көп. Ачыгын айтсак, айрымдары күнөөлүү болуп калышы ыктымал. Бүгүн түндүк-түштүк болуп бөлүнбөй, ынтымакка келишибиз шарт. Акаевди алып келип акташты. Эми Бакиевди да алып келип, күнөөсү жок болсо актап, күнөөсү болсо жазасын тарттыралы. Калыстык тегиз болушу керек. Алыста отуруп алып эле “Бакиев канкор” деп жамандаган туура эмес. Андан бери он жылдан ашык убакыт артта калды. Ким калпычы экени улам даана билинип келатат. Мурунку өкмөттөгүлөрдүн баары байыды, бирок мамлекеттин өнүгүшүнө кымындай да салым кошо алышкан жок. Азыркы бийлик туура, жакшы иштерди жүргүзүп жатат. Байып алган байлар түрдүү жолдорду, ойлобогон нерселерди таап, буларды кулатуунун айласын издеп жатышат. Ал эми азыркы бийликтин жакшы иштеп жатканы көзгө көрүнүп эле турбайбы. Мурунку бийлик учурунда пенсия канча эле, азыр канча болду? Майып балдардын алган пособиеси мурда 2 миң болсо, учурда 8 миңге көтөрүлдү. Кыскасы, өсүш бар. Мамлекеттик кызматта иштегендердин баарынын айлык акысы жогорулады. Демек, булар өздөрүн эки жылда көрсөтө алды.

Жакында биз Бакиевди алып келүү боюнча коом түзүп, аны алып келишибиз керек. Күнөөсү болсо өзү жооп берсин. Ошондо чындык билинет. Жүрөгү таза, ыйман-ырыстуу адамдар Бакиевди колдошот. 30 жылдан бери баары шумдук болгон жок. Түрдүү интригалар, саясый оюндар орун алды. Азыркы бийликтин да иштери кимдир бирөөлөргө жакпай жатат. Чагымчылдар көп.

2010-жылы болгон Ош окуясы тууралуу эмнеге эч ким унчукпайт? Бейкүнөө 500гө жакын адам каза болду. Мына ушундай маселелерди карап, калыстык менен элди бириктирүү зарыл. Ош окуясы болору эскертилсе да айрым кызыкчылыктар орун алып, анын алдын алышкан эмес. Бул үчүн жооп бере турган убакыт келди. Жаңы бийликке келген Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев отуз жылдан бери алалбай келаткан Кумтөрдү өзүбүзгө алып, 37 тонна кыргыз алтыны банкта сакталып турат. Бул алардын асыл, адал эмгеги. Азыр эми чындыктын заманы келди. Ошондуктан болгонун болгондой тактап, ачык айткан жакшы.

Кайып Шер, коомдук ишмер:

— 30 жылдан бери саясат айдыңында келе жатабыз. Бул жылдарды тарыхтын ирмеми менен карасак, кичинекей эле бүркүндү болуп калат. Бирок өлкө тарыхында оргуштаган көп окуялар болуп өттү. Анын арасында “элдин эртеңи, өлкөбүз” деген идеяны туу тутуп, 1990-жылкы, 2005-жылкы жана 2010-жылдардагы окуяларда катышып, катарлаш болуп келдик.

Өткөндө сиздердин гезитке убактылуу өкмөттүн трайбалисттик ойлоруна сугарылган Мукан Усубакунов аттуу жараныбыздын Курманбек Бакиев боюнча макаласы жарык көрүптүр. Ошол боюнча пикиримди билдирип коюуну туура көрдүм.

Ал макалада автор “Бакиев дунган, кыргыздын жараны эмес” дегендей пикирин билдириптир. Мындай тыянак чыгаргандай ал ким? Сот беле?

2010-жылы бийликти алышты. Болушунча жамандашты. Бири-бири менен чатакташып, каза болгондорду да Бакиевге шылтап чыгышты. 2010-жылкы окуя кандай сценарий менен кандай шартта өткөнүнө эл туура саресеп салат. Убактылуу өкмөттүн өкүлү Өмүрбек Текебаев өзү “биз бийликти алдык, алгандан кийин мурунку бийликти колубуздан келишинче жамандадык. Атамбаев алсыз болчу. Аны күчтөндүрүш үчүн оппонентин аябай жамандап, элге суук көрсөттүк” деп элге кайрылып, ачык айтып жатат. Булар трайбалисттик идея менен өзгөчө түндүк жергесин максаттуу түрдө сугарган. Убактылуу өкмөттүн бул кесепети, саясаты трайбалисттик көз караш болгон.

Жаңы жылдан кийин биз “Бакиевди коргоо, актоо” коомун түзөбүз деген ойдо турабыз. “Бакиев дунган” дегени үчүн трайбалисттик көз карашы бар макаланын авторун сотко беребиз. 2010-жылдагы окуяда Бакиев эле күнөөлүү болгонбу? Убактылуу өкмөттүн аракеттери кандай болду эле? Токмоктогу өлүкканадан алып келишип, каза болгондордун санын көбөйтүштү беле?.. Мунун баарын иликтөө зарыл.

Ал окуяда мен дагы туу көтөрүп жүргөм. Баарына өзүм күбө болгом. Бирок мынча көп адам каза болгон эмес. Ошон үчүн Бакиевди алып келип, окуянын ак-карасын териштирели. Анан ак барактан баштайлы. Күнөөлүү болсо сот чечсин. “Президентибиздин айкөлдүк кылуу мүмкүнчүлүгү бар. Балким ал киши мунапыс берип, күнөөлүүлөрдү актап коёбу?” деп элди ынтымакка чакырып жатсак, Мукан Усубакуновго окшогон жердешчилдин көз карашы өөн көрүнүп, атайын сиздердин редакцияга келдик. Окуяны калыс карасак, аксакалдардын сөздөрүн жыра тартпасак, бири-бирибизди сыйлаганды үйрөнсөк, бөлүп-жаруу чакырыктарынан алыс болсок (!) деген ойду айткым келет.

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg