Караколдогу төрөт үйдө каза болгон келинден дарыгерлер акча талап кылган
04-баш оона, 2021-ж // // Айпери ОсмоналиеваЫсык-Көл облусунун Каракол шаарынын төрөт үйүнө толгоо тартып келип бирок төрөттөн улам 18 жаштагы келин каза болуп калган. Ал эми бүгун болсо келиндин жакындары өлүмгө дарыгерлер күнөөлүү деп эсептешүүдө. Бул тууралуу төрөт үйүнүн ичинен келиндин жакындары тарткан видео социалдык тармактарга тарады. Анда видеону тартып жаткан жаран: «Биз Караколдо жүрөбүз, бир кыз каза болгон алар аны карап жатышат, бирок чындыгында эч ким карабайт. Абийир кайда? Садыр Нургожоевич, бул жерде эл кыйналып жатат, бирок сиз скутер минип жүрөсүз. Абийириңиз барбы? Караколдогу дарыгерлерибизди чакыргыла, бул жагдайды карагыла» — деп айтуу менен бирге маркумдун жакындарынан төрөтүш үчүн акча сурап бирок ал колдоруна тийбей калганы үчүн келин кыйналып жатса да караган эместигин да баса белгилеген.