Камерунда барымтадагы 79 бала бошотулду

Камерунда барымтадагы 79 бала бошотулду

08-жетинин айы, 2018-ж // //

Камерундун батышында 4-ноябрда 79 окуучуну уурдап кеткендер балдарды бошотуп, бирок үч мугалимди дале барымтада кармап жатканы кабарланды. Бул тууралуу «Настоящее время» телеканалы билдирди.

Маалыматка караганда, 11-17 жаштагы балдарды барымтага алгандар округда француз тилинде сабак берген бардык окуу жайларды жабууну талап кылышкан.

Интернетке жайгаштырылган видеотасмага ылайык, бул кылмыштын артында өздөрүн «Амба балдары» деп атаган топ турат. Булар Камерундун батышында англис тилдүү «Амбазония»деп аталган мамлекет түзүүнү каалаган жикчилдер. Бийликтин маалыматына караганда, өлкөнүн батышындагы эки аймакта онго жакын англис тилдүү жикчил топ бар. Алар бийлик өкүлдөрү, полиция жана аскер кызматкерлеринен тышкары, жай тургундарга да кол салышууда.

Балдарды бошотуу үчүн өлкө бийлиги аскердик операция өткөргөн. Бирок азырынча анын кандай болгону белгисиз.

Булак: Азаттык