Той көйнөгүндөгү өзгөчө деталь…

Күз келип тойлордун сезону башталды. Аны менен бирге турмушка узап жаткан кыздардын көйнөк маселеси да жаралат эмеспи. Көйнөктү тапкандан кийин майда-чүйдө заттарды: телефон, помада, тушь, жүз аарчы жана башка заттарды колго кармап жүрө албайбыз. Ал эми сумка көтөргөн да ыңгайсыздык жаратат. Бул учурда эмне кылса болот? Ушул суроого Эстер Кезиа Торп кеңеши менен бөлүшө кеткен.

Британиялык Эстер Кезиа Торп өзүнүн “Twitter”деги баракчасына той көйнөк кийген курбусунун сүрөттөрүн жарыялаган. Социалдык тармактын колдонуучулары кыздын ойлоп табуучулугуна таң беришти. Жана анын көйнөгүн дүйнөдөгү ыңгайлуу кийим деп аташты.

«Токтогула. Кечээ курбуларымдын бири турмушка чыкты жана анын көйнөгүндө чөнтөгү бар экен. Жана бул мен көргөндөрдүн ичиндеги эң мыктысы», — деп билдирүү калтырган Торп.

Колдонуучулар кыздын көйнөктү ыңгайлуу кылып тиктирип алганына баа беришти: «Мага ар дайым кызык болуп келген келин өзүнүн заттарын кайда сактайт!», «Супер», «Ыңгайлуу», «Өзгөчө фасон».

Буга кошо эки колдонуучу той көйнөктөрүнө өздөрү чөнтөк тигип алышканын кошумчалап жана анын кандай ыңгайлуу экенин да баса белгилешкен.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу