Эжем туура эмес динге кирип кеткен окшойт…
16-бирдин айы, 2022-ж // // Айпери ОсмоналиеваСаламатсызбы Аргумент.кж сайты. Сураныч чыгарып берип коюнузчу , алдын ала чон рахмат! Жашым 35 те, Өзгөндон болобуз. Менин эжем бар 47деги. Ошол эжем туура эмес динге кирип кеткенби деп шектенип турам. Сөз башынан болсун анда. Мындан 4 жыл мурда эжем катуу ооруп доктурга жаткан. Ал жактан жакшы жыйынтык чыкпай, тааныштардын сунушу менен Ошто Алай жакта бирөөлөр дарылайт экен деп ошол жака барып дарыланган. Жакшы болуп да кетти. Бирок бара бара кызыктай нерселерди жасамай болду. Мисалы, шам жагат, тазаланыш деп бир жерге отуруп бутуна шейшеп жаап алып дуа кылат, булак же дагы бир жерлерге барып зыярат кылат, токоч салат тез тез арбактар суранып атат экен деп. Анан ошол Алайда адамдар барып илим алышат экен. Ал жактын чоңу көзу ачык сыяктуу көп нерселерди айтып берет экен… Эми суроом: айтыныздарчы кимдин дагы тааныштары ушундай илимге кирген. Кандай илим ал өзү. Ислам динине туура келеби же жокбу? Сураныч кеңеш берип коюнузчу?