“Бул бийликтин былыктарын Теңгиз Бөлтүрүк ачыктап коюшу ыктымал”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

“Теңгиз Бөлтүрүктүн камакка алынышы ар кандай ой-жорумдарга “жем” таштады. Казынага 1 миллиард сомго жакын чыгаша келтиргени, көзөмөлдөн сырт калганы эмнени билдирет? Кумтөргө байланышкан бул чырдуу иштин аягы кандай таризде бүтүшү мүмкүн?” деген собол таштадык.

Өмүрбек Бөлтүрүков, бир тууган агасы:

— Бул “19 тонна алтын, анан эл аралык жөөттөрдүн мафиясы Эрдогандын заказы менен айрым төбөлдүн баласын Кумтөрдүн директорлор кеңешине албай койгон үчүн болуп атат” деген түкшүмөлүм бар. Өзүлөрүнүн жеп-ичкенин жабыш үчүн. Менин бир тууганым кайсы 1 миллиард сомго жакын чыгаша келтирди? Бул жөнүндө кандайча экенин андай болсо ачык эле айтышпайбы. Менимче, азыркы бийликтин аферасы эле болсо керек. Эми караңыз, энергетикага белчесинен коррупцияга баткан Ширшовду кармашты да, кайра чыгарып салышты. Булар ушундай нерсени адат кылып алышкан өңдүү. Бир тууганым Теңгиз камакка алына турганын алдын ала эле айткам, эми анын аягын өлүм менен бүтүргүлөрү келип атышат окшойт. Анткени, Теңгиз бул бийликтин болгон былыктарын ачык эле айтып коюшу ыктымал.

Нарис Калчаев, жарандык активист:

— Теңгиз Бөлтүрүктүн камалышы ортодо саясый оюндун күч алганын билдирет.Жумуштан бошордон бир жума мурун ага кирип, кезигип чыккам. Ошондо эле өкмөт менен тиреш күч алганын белгилеп, айтып берген эле. Дагы башка да кесепеттери болсо керек. Теңгиз Бөлтүрүк садага чабылып калды көрүнөт, анткени ал саясатчы эмес. Биздин Кыргызстандын саясый оюндарын түшүнбөйт, көп жыл сыртта жүргөн адамга саясатты аңдоо оор болду. Теңгиз Бөлтүрүк Садыр Жапаровдон бөлөгүн уккан жок, бул жагы да бир себеп… Кумтөрдө көптөгөн ортомчу фирмалар иштейт, ошолорго бийлик лөктөрү, кландар өз кызыкчылыктарын киргизиш керек эле, аларга каршы тургандай…

Атай Бейшенбек, жарандык активист:

— Негизинен Теңгиз Бөлтөрүктүн камалышы, Кумтөрдөгү сырткы башкаруунун аягы, ушундай бир логикалык жыйынтыкка келип такаларын алдын ала май айында Жогорку Кеңеш сырткы башкарууга киргизип атканда эле айтып баштадык. Себеби, “кайсы жерде канчалык жашыруун иш-чаралар жүргүзүлгөн болсо, арийне күмөн жаратып, башаламандык, өзүмбилемдик, түрдүү сырдуу иш аракеттер жүрүп кетиши толук ыктымал” деп биз кооптонуу менен билдиргенбиз. Тилекке каршы, мына Теңгиз Бөлтүрүк камалып, алдын ала эсеп палатасынын берген жыйынтыктарынын негизинде 1 миллиард сомдук чыгым аныкталды. Бул жерде толук кандуу ишмердүүлүктүн текшерилген жыйынтыгын карасак, балким сумма мындан да эки-үч эсеге арбын болушу мүмкүн. Бул эмне менен жыйынтыкталат? Башында Теңгиз Бөлтүрүктү сырткы башкаруучу катары четтеткенде да айтканбыз, “бул Кумтөрдүн ичиндеги чоң иликтөөнүн башы гана” деп. Тамак-аш, ГСМ жана автотетиктерден ушунчалык чыгашаларды аныктап, финансылык ишмердүүлүгүн иликтеп, андан соң юридикалык жагына келсек, маселе мындан да олуттуу болушу мүмкүн. Анткени, ал жерде эл аралык юридикалык документтердин талдоосу коомчулукка бүгүнкү күнгө чейин ачыктала элек. Президенттин эң биринчи максаты Кумтөрдү улутташтыруу, Кыргызстанга кайтаруу болгондуктан, бул маселеге ушундай чабал мамиле кылгандыгы суроо жаратпай койбойт. Андыктан Теңгиз Бөлтүрүктү жалгыз жоопкер катары кароо, камоо менен коомчулукта дагы бир нече суроо жаралды. Ошондуктан кеч боло электе баардык маселени ачык-айкын, адилеттүү жана коомдун ар бир катмарынын катышуусунда талдап чыгуу керек. Антпесе, бул мамлекеттик масштабдагы коомдук, саясый-экономикалык, социалдык чоң көйгөйлөрдү жаратат.

Сурат Жылкычиев 

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg