Экс вице премьер министр Алтынай Өмүрбекова мэрлик кызматты көздөп жатат

Экс вице премьер министр Алтынай Өмүрбекова мэрлик кызматты көздөп жатат

06-чын куран, 2021-ж // // Айпери Осмоналиева

«Республика» партиясы менен Бишкек шаардык кеңешке аттанган мурунку вице премьер министр Алтынай Өмүрбекова мэрлик кызматты көздөп жатканын жашырган эмес. Жергиликтүү басылмаларга берген маегинде: “Мен жөн гана аял эмесмин: менимче жетиштүү тажрыйбага ээ адаммын. Акимден тартып,  өкмөткө чейин иштеп тажрыйба топтогон жетекчимин. Акыркы жарым жылда мэрликке  келгендерге салыштырмалуу менин резюмем кыйла пайдалуу окшойт деп ойлойм. Бул бирөөнүн каалоосу же партиянын дымагы гана эмес. Бул абдан салмактуу чечим”-деп билдирген.
Демек шайлоого аттанган Алтынай Өмүрбекова Бишкек шаарынын мэринин ордун көздөп, өз билими менен тажрыйбасы шаарды өнүктурүүгө жете турганын ачыктаган.
Булак:argument.kg