Коом

Илим Карыпбеков: «Эки досту кучакташып куттукташат деп ойлодум эле…»

Илим Карыпбеков социалдык тармактарга жүргөн президент Садыр Жапаров мененУКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин кол алышып куттукташкан сүрөтүнө өз пикирин билдирди. Анда:

“Кызык! Мен эле ошону ойлоп койдум десем, көп адам дагы ушул жерден досчулук кучакташууну күтүшкөн экен. Мен дагы эркекче, досчо кучакташып коюшса жагымдуу, кайсы бир деңгээлде узак, оңой эмес жолдун бир чоң этабынын аягы, алдыда мындан дагы чоң сыноолор турат, ошого бекем болуунун символу болуп калат эле деп ойлодум. Бирок расмий протокол жолтоо болсо керек.
*****
Эми “расмий протокол”, “ушундай мыйзам боюнча, эрежелер боюнча туура “эл, эларалык коомчулук туура эмес ойлоп калат” деген ушу сыяктуу көп нерселер боюнча. Албетте мунун баары керек, бирок айрым учурда, ошол эле элдин, коомчулуктун кызыкчылыгы үчүн, кесепетинде элге зыяны тийбесе, кайра пайда алып келип, духту, рухту көтөрө турган иш-аракеттер болсо кылыш керек деген ойдомун.
*****
Мисалы, ушул учуру эки достун кучакташуусу расмий протоколду бузганы менен, элге өтө чоң таасир, толкундануу, досчулукка ишенүү, кыйынчылыкты бирге өткөрүп, адилетке күрөш аягы жакшылык менен бүтөөрү тууралуу чоң өрнөк болмок. Же дагы бир мисал. Садык Шердин Курманжан тасмасында Камчыбек дарга асылаар алдындагы учурда Курманжан экөөнүн кезигишүүсү эмнегедир мен үчүн супсак, өтө эле эмоциясыз болгон. Курманжан уулу Камчыбек менен сөзү жок, көз карашы менен сүйлөшкөнүн көрсөтүүгө аракет кылган. Садык агайдан сурасам, тарыхый фактыларга жакындаттык деп жооп берди эле.
*****
А бирок эсиңиздердеби Улуттук банктын буйрутмасынын негизинде 50 сом банкнотуна арналган роликтеги Курманжандын образы? Курманжандын образы абдан күчтүү, каардуу, чечкиндүү берилип, өлкө үчүн өз жанын эле эмес, уулунун башын сайганы, жолугушууда Камчыбекке “Өлүмгө тике кара” деп катуу айткандыгы? Мага жана көп адамга бул ролик тереңирээк таасир калтырган. Балким тарыхта андай болгон эмес, бирок азыркы муун, заман, жана элдин духун, рухун көтөрүш үчүн ушундай, протоколдон тышкаркы кадамдар керек!

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *