Илим Карыпбеков: “Абдышүкүр Нарматов базарда нуру чачкан апалар жок деп ыйласа, базарга эл толуп алат”
21-жалган куран, 2020-ж // //КТРКнын экс-жетекчиси Илим Карыпбеков коомдогу болуп жаткан окуяларга кайдыгер карабай, жеке пикирин интернет баракчасына ачык жазып турат.
Бүгүн Абдушүкүр Нарматовдун мечитте ыйлаган видеосун көрүп ага карата жеке пикирин билдирди:
“Урматтуу достор!
*****
Мен Нарматов мырзанын видеосун толугу менен көргөм. Ал киши чын эле бир дагы жолу келгиле мечитке деген жери жок. Ал киши чын эле ыйлап, мечит бош калды, баарыбыз Алланын колундабыз, бүгүн жума намаз, адаттагыдай нуру жаркырап турган аксакалдарыбыз жок, эл жок деп ыйлады. Бирок, Нарматовго окшогон акылдуу адам антип ыйлагандындын кесепетин жакшы түшүнүшү керек. Бүгүнкү күндүн талаптарын эске алыш керек, жоопкерчиликтүү болушу керек деп ойлойм.
1. Нарматовдун аброю эл алдында чоң, Нарматов эмне деп ыйласа, эл аны дүркүрөп колдойт. Эртең жабылган бош базарга барып, базар бош калды, нуру чачкан апалар жок деп ыйласа, эл күркүрөп чакырбаса деле барып алат ошол базарга. Мечитке барып бош калды коронавирустун айынан, суволуш коронавирус деген мааниде ыйлап койсо, калың журт мечитибизди бош калтырбайбыз, вирустан коркпойбуз деп толуп алат ошол жерге.
2. Нарматовдун элге жардамы так ушул учурда керек. Мечит бош деп бош мечиттин ичинде ыйлабастан, кайра өзүн колуна алып, элди ынтымактыка чакырып, үйдө отургула, гигиенаны сактагыла, мечитке азырынча барбай турсак эч нерсе болбойт деп. Үйүнө отуруп. Мындай эле намаз кылса ал дагы кабыл болот деп өрнөк көрсөтүшү керек. Элге, мамлекетке ошол пайда, ошол керек азыр!”- деп жазды.
Илим Карыпбековдун жазганына колдоп, пикир калтыргандардын саны арбын.
Abal.kg