Гүлжайна Атаканова: “Жаныңыз жаннатта болсун, кагылайын Рахман агайым!”

Гүлжайна Атаканова: “Жаныңыз жаннатта болсун, кагылайын Рахман агайым!”

09-кулжа, 2021-ж // // Айпери Осмоналиева

Куудул Гүлжайна Атаканова устаты маркум Рахман Разыковду жоктоп, коштошуусун Инстаграм баракчасына жазды.

“Кагылайын устатым! Жашоомо чоң чыйыр салып берген агайым! Экинчи атам… Ишенгим келбейт, уккан кулагымды жаап атам, калп болсун деп сыздап отурам. Эмнеге шашып кетип калдыңыз? Кантип жарыктык менен кош айтыштыңыз!
Күндө чалып сурап жаткам, “жакшымын” деп жаттыңыз эле го? Эх, таш боор ажал! Агайымды да жалмап кеттиңби? Жаныңыз жаннатта болсун, кагылайын агайым!
Сиз жөнүндө жаза берсем эч качан сөзүм түгөнбөйт. Айла жок коштошом. Кош болуңуз, агай! Аллахым фирдаус бейишинен орун берсин ылайым!” деп жазды.