Депутат Канат Исаев казак эл өкүлдөрүн көк бөрү ойноого чакырды
26-бирдин айы, 2019-ж // //Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев казак эл өкүлдөрүн көк бөрү ойноого чакырды. Ал бул тууралуу 23-февралда «Ак-Кула» ат майданында өткөн көк бөрү оюнунда билдирди.
Анын айтымында, казак депутаттары менен ат майданда күч сынашып, тай казан талашын чечип алуу керек.
«Тай казан керекпи-жокпу деген суроолор болуп жатат. Улак тартышып, ошону дагы ат үстүндө чечели», — дейт эл өкүлү.
Эскерте кетсек, 23-февралда Жогорку Кеңеш, өкмөт, журналисттер жана Спорт, дене-тарбия агенттигинин ортосунда улак тартыш болуп өттү. Оюндын жыйынтыгында Жогорку Кеңештин командасы жеңишке жеткен.
Булак:KyrgyzToday