Саясат

Депутат Эмил Токтошев: “Чийки мыйзамдын айынан тарыхта эмнелер болбоду”

Депутаттар сунушталган шайлоо мыйзамын талкууга алып, чийки мыйзамды кабыл алуу менен өлкөну алсыратып алуу коркунучу бар экенин жазышууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев да өзүнүн пикирин айтып чыкты.
“Кечээтен бери талкуу болуп жатат, карама-каршы пикирлер абдан көп, мыйзам чийки. Тарыхты карасаңыз, мурдагы президент Аскар Акаев да ушул шайлоодон улам кеткен. Мына буга чейинки президент Сооронбай Жээнбеков да шайлоонун айынан мөөнөтүнөн мурун кызматтан кетти. Биз күздө шайлоого барышыбыз керек, ал үчүн мыйзамды азып кабыл алышыбыз шарт. Ошондуктан биринчи окууда концепциясын колдоп берели, экинчи окууда буга чейин сунушталган преференциалдык система боюнча мыйзам бар, экөөнү кошуп, жумушчу топ түзүп, бир мыйзам иштеп чыгалы. Элге жага турган мыйзам иштеп чыгуу керек. Азыркы документ чийки”-дейт пикиринде.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *