Коом

Дары-дармекти кымбат саткан атка минерлердин фармацевтикалык компаниясы кармалды

Дары дармектердин баасын ашыкча кымбаттатып ийген дары -дармектерди импорттоочу компаниялардын тобу кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта, алар элге сатылган дары дармектердин баасын ашыкча кымбаттатып сатып келишкен. Текшерүү учурунда документтер тастыктаган.

«Чынында, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды, анын алкагында компаниялардын кеңселеринде жана кампаларында тинтүү иштери жүргүзүлүп, кош бухгалтериянын бар экенин тастыктаган финансылык документтер алынды.
Ошол эле учурда, мамлекеттик мекемелерди көзөмөлдөгөн аткаминерлердин камкордугунда жана ошондой эле салык төлөөдөн качып келишкен. Алар импорттук дары -дармектердин чыныгы баасын жашырып келишкен.  Компаниялардын акчалай компенсация алуу үчүн саламаттыкты сактоо системасы аркылуу дары -дармектердин кымбат аналогдорун импорттоо менен мыйзамсыз соода ыкмаларын жана адилетсиз атаандаштыкты колдонууга катышкандыгы тууралуу далилдер алынды », – деп билдиришти УКМКдан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *