Коом

Че ара жаңжалынан жаракат алган бейтапты абалы оор

Кече күнү катталган чек арадагы жанжалда төрт  адам жаракат алган. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.
Маалыматта, жаракат алгандардын бири  медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйүнө жөнөтүлгөн. Ал эми  экөө Самаркандек айылынын ооруканасына жаткырылды. Булардын бирөө башынан жаракат алган, экинчисинин колу сынып кеткен. Учурда алардын абалы туруктуу. Ал эми октон жаракат алган бейтаптын абалы оор бойдон калууда.
Булак:argument.kg

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *