БҮГҮН САДЫР ЖАПАРОВДУН БАШ КОРГОО ЧАРАСЫ КАРАЛАТ

БҮГҮН САДЫР ЖАПАРОВДУН БАШ КОРГОО ЧАРАСЫ КАРАЛАТ

06-чын куран, 2017-ж // //

Бүгүн, 6-апрелде саат 10:00дө Бишкек шаардык соту Садыр Жапаровдун баш коргоо чарасын карайт.
26-мартта Садыр Жапаровду Биринчи Май райондук соту тергөө бүткүчө Бишкектеги №1-тергөө абагына камоо чечимин чыгарган.
25-мартта Садыр Жапаров Казакстандан Кыргызстанга киргенде чек арадан УКМК кызматкерлери кармап кетишкен. Ал “бейбаштык”, “бийлик өкүлүнө карата зордук-зомбулук көрсөтүү”, “барымтага алуу” беренелер боюнча айыпталууда.
2-апрелде Жапаров №1-тергөө абагында колу жана моюну кесилген абалда табылып, Бишкектеги №47-колониянын ооруканасына жеткирилген.
Кечээ, Жапаровдун туугандары Ак үйдүн алдында митинг өткөрүшүүдө. Алар Жогорку Кеңеш Жапаровдун ишин талкууга алуу керектигин талап кылышууда.
Булак:Каганат