Бүгүн КРын президенти Сооронбай Жээнбеков жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугушту.
19-теке, 2018-ж // //
Жолугушууга жарандык активисттер, укук коргоочулар жана коомдук-саясий уюмдардын өкүлдөрү чакырылган. Иш-чара 10до башталып, 14.00 кийин бүттү, президенттин аппараты 2 саат убакыт бөлгөндөн тышкары, президент дагы кошумча 2,5 саатча олтурду. Жолугушуу учурунда жарандык коомдун ар бири өкүлү кенен-кесир ойлорун айтып жана суроолорду бергенге жетишишти. Катышуучу коомдук активист Тимур Саралаев кезеги келгенде президентке 2 көйгөйлүү маселе боюнча оюун билдирип жана алар боюнча анын пикирин укту. Биринчи маселе, — бул өлкөбүздө соңку мезгилдерде трайбализмдин күчөшүн, мамлекеттин, коомдун туруктуулугуна кооптуу регионализмдик жагдайларды айрым саясий күчтөр кайсы жээктен козутуп жатканын айттым. Ал маселеге президент – “кимдер кылып жатканын билем, алар менин “досторум”, деп жооп берди. Экинчи көтөргөн маселем болсо, ал, өлкөбүздөгү Кыргызстан профсоюздар Федерациясындагы коррупциялык башаламандык, карапайым эмгекчилерди коргогондун ордуна, тескериче аларды кордоп жатышканын баса белгилеп, өлкө профсоюздарынын Социалдык фонддон жылына миллиондогон бөлүнгөн акча-каражаттар өзүм билемдик менен колдонуп жатканын, профсоюздар Федерациясына чара көрүүнүн жана президенттин алдында коомдук комиссия түзүү зарылчылыгын айтты. Президент, профсоюздук маселени биргелешип карайлы, ал жердеги көйгөйдү чогу оңдойлу деп жооп берди.