Бирөөнүн 40 тонналык контейнерин сатып ийген
23-бирдин айы, 2022-ж // // Айпери ОсмоналиеваБирөөнүн 40 тонналык контейнерин экинчи адамга сатып ийген. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
«Жабырлануучу милиция кызматкерлерине кайрылып, алар 2021-жылдын декабрь айында Урмат аттуу адам 40 тонналык контейнерди 1800 долларга сатып жибергенин билдирген. Кийинчерээк ал сатылган буюм Бишкек шаарынын тургунуна таандык экени аныкталган», — деп ШИИБден билдиришти.
Алдамчылык фактысы боюнча кылмыш иши козголуп шектүү делген 42 жаштагы Чолпон-Ата шаарынын тургуну кармалып, соттун чечими менен эки айга камакка алынды.
Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгы кылмышка шектүү башка алдамчылык фактыларына тиешеси бар деп болжолдоодо. Кол салуучунун колунан жапа чегип калышы мүмкүн болгондор болсо 0709203087 жана 0703332166 номурлары менен байланышууну суранабыз.